• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жол кырсыгынан 59 жаштагы адам каза болгон

2 Тогуздун айы 202413:27 Бишкек Govori.TV


Бишкекте адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

27-сентябрь күнү таңкы саат жетилер чамасында К. Жантөшев менен З.Бектенов көчөлөрүнүн кесилишинен “Nissan Patrol” жана “SsangYong Musso” үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча “Nissan” унаасынын айдоочусу К.Жантөшев көчөсү менен батыш тарапты, ал эми “SsangYong” унаасынын айдоочусу З.Бектенов менен түндүк тарапты көздөй бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен “SsangYong” унаасынын 59 жаштагы айдоочусу Н.Н. жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Ал ооруканада каза болгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө «Ниссан» унаасынын айдоочусумун деп 35 жаштагы Н.К. өзүн айткан. Бирок, кырсык болгон учурда унааны 36 жаштагы Т.М. айдап бара жатканы аныкталган. Шектүү күнөөнү мойнуна алган.

Тергөө амалдары жүрүүдө. Унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулду.

Количество просмотров: 363