• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Жол кырсыгынан кийин качып кеткен айдоочу кармалды

19 Бирдин айы 20219:43 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери жол кырсыгынан кийин качып кеткен айдоочуну кармашканын басма сөз кызматы билдирди.

30-январда болжол менен саат 01:00 чамасында белгисиз унаа Жумабек көчөсүнөн чыгышты көздөй бара жатып, Ибраимов көчөсүнүн кесилишинен токтоп турган «Хонда Фит» жана «БМВ-525» үлгүсүндөгү автоунааларды сүзүп, айдоочусу окуя болгон жерден белгисиз тарапка качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен «Хонда Фит» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Бул факт боюнча Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүздү. Кылмышка шектүү катары «Nissan X-Trail» үлгүсүндөгү автоунаанын 1969-жылы туулган айдоочусу Ш.Г. кармалып, Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 300