• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жол тескөөчү менен айдоочунун кайым айтышы. ЖККБ эмне дейт?

24 Үчтүн айы 2022 21:52 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарга жол тескөөчү менен эркек киши кайым айтышып жаткан учурда тартылган видео Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолунун 80-чакырымында тартылганы белгилүү болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-январь күнү Алай районунун Гүлчө айылында Алай РИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кенже инспектору, милициянын прапорщиги М.У. өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жаткан. Ошол учурда «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол эрежесин бузгандыктан унааны токтоткон.

Уруксат жок унаага кошумча жабдыкты орнотуп алганы үчүн айдоочуга карата Укук бузуулар кодексинин 194-беренесинин (ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу) негизинде протокол түзүп жаткан учурда унаанын ичинде жүргүнчү катары бара жаткан Алай районунун тургуну — 1998-жылы туулган С.уулу Р. унаадан түшүп, кызматкер М.У.га протокол түзүүгө тоскоолдук жаратып, ар кандай чагымчыл аракеттерди жасап, аны оозго алгыс сөздөр менен тилдеген. Жол тескөөчү менен жүргүнчүнүн ортосунда кайым айтышуу болгон.

Азыр бул окуя боюнча Ош ОИИБдин ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 7707