• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ЖКККББ: коррупцияга себепкер болгон айдоочулар жоопкерчиликке тартылат

20 Жалган куран 2023 11:31 Бишкек Govori.TV

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы коррупцияга себепкер болгон айдоочулар дагы кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыла турганын эскертти.

Маалым болгондой, президенттин талабы боюнча ЖКККББнын өздүк курамында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, милициянын баркына доо кетирген кызматкерлерден тазалануу иштери жүрүп жатат.

«Алардын ээлеген кызматына, көп жылдык тажрыйбасына жана кадыр-баркына карабастан иш катуу жүргүзүлүп жатат. Бирок жол эрежесин бузгандыгы үчүн маселени жеринен чечүүгө аракет кылып кызматкерлерге акча сунуштап, коррупциялык элементтерге өздөрү себепчи болгон айдоочулар дагы Кылмыш-жаза кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартыла турганын эскертебиз», — деп жазылган маалыматта.

Количество просмотров: 82