• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жол жээгинде мыйзамсыз бензин саткандарга айып салынды

21 Аяк оона 2023 13:11 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жол жээгинде мыйзамсыз бензин саткандарга айып салынды. Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардын Профсоюз көчөсүн бойлой Фучиктен Патрис Лумумба көчөсүнө чейинки аралыгында мыйзамсыз бензин сатуу пункттарына рейд жүрдү.

Мыйзамсыз бензин саткан жарандарга КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 434-беренеси боюнча 18 миң сомго 6 административдик протокол түзүлдү. Жыл башынан бери 90 миң сомго 30га жакын протокол түзүлгөн.

Рейддин соңунда мыйзамсыз каражаттардын ээлерине КР мыйзамдарын бузуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Количество просмотров: 150