• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жоламан Шаршенбеков эртең 19:00дө беттешке чыгат

4 Баш оона 202415:16 Бишкек Govori.TV

Жоламан Шаршенбеков 5-августта беттешке чыгат. Ал грек-рим күрөшү боюнча 60 кг чейинки салмакта күч сынашат. Күрөш Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө болот.

Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери.

Спорттогу жетишкендиктери:

-Кыргызстандын төрт жолку чемпиону;

-Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Индия, 2015);

-Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси (Тайбэй, 2016);

-Дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси (Грузия, 2017);

-Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2018);

-Дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси (Финляндия, 2017);

-Дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси (2018)

-Дүйнө кубогунун ээси (2020)

-Дүйнөнүн эки жолку чемпиону (Сербия, 2022, 2023)

-Азиянын үч жолку чемпиону (2022, 2023, 2024).

Количество просмотров: 215