• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жоламан Шаршенбеков эртең Казакстандык Айдос Султангали менен күрөшөт

4 Баш оона 202420:32 Бишкек Govori.TV

Грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбеков Париж Олимпиадасында 60 кг чейинки салмакта күч сынашат.

Бүгүн, 4-августта Парижде күрөш боюнча чүчүкулак ташталды. Анын жыйынтыгы менен Жоламан Шаршенбековдун 1/8 финалдагы атаандашы Казакстандык Айдос Султангали болду.

Беттеш 5-августта Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.

Жоламан Шаршенбеков — дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022-2023-жыл) жана эки жолу күмүш байгенин ээси болгон (2018, 2021-жыл), Азиянын үч жолку чемпиону (2022, 2023, 2024-жыл) жана эки жолу күмүш уткан (2018, 2020-жыл), Азия оюндарынын жеңүүчүсү (2023-жыл).

Ал эми анын атаандашы Айдос Султангали дүйнө чемпионатында эки жолу коло уткан, Азия чемпиону.

Количество просмотров: 426