6-августта Париж Олимпиадасынын коло медалдын ээси Жоламан Шаршенбеков кыска маек куруп, өзүнүн сезимин журналисттер менен бөлүштү.
“Кудайдын буйругу ушул экен, чындыгында мен деле алтын алгым келген. Биз алтын алуу үчүн көптөн бери даярдандык. Бирок баары Аллахтын буйругу менен болду. Коло медаль үчүн дагы Кудайга шүгүр. Биз баарыбыз мусулманбыз жана баары Аллахтын каалоосу менен болорун билебиз. Негизи айта турчу нерсе көп. Кудай буюрса, муну менен токтобойбуз. Түнү менен салмак куудук. Утулдук деп баарын таштап, үмүт үзүп койгон туура эмес. Кудай алдыда дагы көп жакшы нерселерди даярдап турат. Албетте, кийинки Олимпиадага даярданам, эч качан токтобойбуз”,-деди Жоламан Шаршенбеков