• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жолдо турган МАИчилердин үч буттуу камерасы жасалмабы? (Видео)

9 Теке 2021 12:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-июлда Бишкектеги Дооронбек Садырбаев жана Ыбырайым Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде МАИ кызматкерлери жасалма үч буттуу камера менен иш алып барып жатышканына Govori.TVнын кабарчысы күбө болду.

Маалыматка ылайык, үч буттуу камера жасалма болгон. Камеранын ордуна стикер чапталган.

ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы аталган жагдайга түшүндүрмө берип, бул жолдун авариялык участкаларына орнотулган атайын муляж экенин айтты.

«Бул мыйзам бузуу эмес. Аталган муляждар жолдордогу кырсыктарды азайтуу үчүн орнотулган. Башка көчөлөрдө мыйзам бузууларды каттаган чыныгы штативдер дагы бар. Радарлар аз болгондуктан Бишкек менен Чүй облусунда ушундай муляждар колдонулат», — деп билдиришти Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан.

Белгилей кетсек, жасалма үч буттуу камера тууралуу буга чейин айрым ЖМКлар дагы жазып чыккан.

Количество просмотров: 549