• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

2,3 млн сомго бааланган радарды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

16 Чын куран 2021 9:58 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Бообек айылында унаасы менен көчмө аппараттык-программалык комплексти сүзгөн шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Кечээ, 15-апрелде Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун 90-чакырымында, тактап айтканда Бообек айылында «Лексус LX470» унаасынын айдоочусу 2,3 млн сомго бааланган «Автопатруль-Радар» аппараттык-программалык комплексин сүзүп, качып кеткен.

ЖКККББнын кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе айдоочуну кармашты. Ал Кемин районунун 37 жаштагы тургуну М.Б. экени аныкталды. Шектүүнүн унаасы айып короого киргизилип, тергөөчүлөргө өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле аталган факт КЖБРга катталды.

Количество просмотров: 412