• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жолдо жаңжал чыгарган айдоочу айыпка жыгылды

11 Аяк оона 202413:11 Бишкек Govori.TV

Активист Болот Ибрагимов социалдык тармактардагы баракчасына айланма жолдо айдоочулардын ортосундагы чыккан чырдын видеосун жарыялады. Анда жол талашып чырдашкан айдоочуларды көрүүгө болот.

Видеодо “KIA K7” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу өзүн агрессивдүү алып барып, Спринтердин айдоочусунан унаадан түшүүсүн талап кылып, унаанын терезесин чапкылаган.

Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы окуя 8-сентябрда Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 128-чакырымында болгонун билдиришти.

“KIA” унаасынын айдоочусуна карата административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 189-беренеси («Автобейбаштык») жана 38-беренеси («Айып пул төлөбөгөндүгү үчүн») боюнча протокол түзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган жаран 15 миң сом өлчөмүндө ылдамдыкты жогорулатып айдаганы үчүн айып пул төлөбөгөндүгү аныкталган. Жалпысынан ага 30 миң сом айып пул салынган.

Количество просмотров: 207