Окуя Казакстандын Түркестан областында болгон. 8-январь күнү жергиликтүү тургун полицияга арыз менен кайрылып, анда ал жарандык никедеги мурдагы аялы анын 2017-жылы туулган баласына кордук көрсөтүп жатканын билдирген. Бул факт “Жашы жете элек баланы тарбиялоодо милдеттерин аткарбоо” беренеси менен катталган.
Көп убакыттан бери алимент төлөбөй келген эркектин айынан мурдагы жубайлардын ортосунда чыр чыкканы аныкталды. 2014-2018-жылдары жарандык никеде жашаган түгөйлөрдүн ортосунда эки бала бар. Келин эч жерге каттоого турган эмес.
Экспертиза баланын денесине зыян келтирилбегенин аныктады. Учурда бул окуя боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүүдө.