• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Жолдошуна ачууланган аял ымыркайын аёосуз сабап, кылыгын видеого тарткан (+18, видео)

11 Кулжа 202012:22 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда жолдошуна ачууланган аял бир жашка толо элек кызын аёосуз сабап, кылыгын видеого тарткан. Окуяны милиция териштире баштады.

9-июнь күнү Жалал-Абад шаарынын 1991-жылы туулган Х.Н. тургуну ажырашып кеткен күйөөсү – Өзбекстан Республикасынын 1992-жылы туулган жараны О.А. менен телефон аркылуу урушуп кеткен. Ошол учурда Х.Н.нын 2019-жылы туулган кызы ыйлап, тынчын ала бергендиктен, ачууланып: «Сенин атаң сага карашканы акча салбайт, мен сен үчүн тилемчи болуп бүттүмбү?» – деп кийимин алмаштырып жатып тилдеп, чаап, муунтуп, атасына WhatsApр социалдык тармагы аркылуу видеого тартып жиберип салган.

Бул факты Жалал-Абад ШИИБинин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 143-беренеси (Кыйноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында териштирүү жана тергөө иштери жүрүп жатат.

https://www.instagram.com/p/CBSPNXAlZK_/?igshid=1ijoty0iaaia2
Количество просмотров: 3618