• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жолдубаева кайрадан сурак берип чыкты

11 Тогуздун айы 201914:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-октябрда Кундуз Жолдубаева кайрадан сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирген.

Анын айтымында, кайсы учур болбосун аны кайра суракка чакырып калышы мүмкүн.

Жаңы эле сурактан чыктым. Кой-Таш окуясы тууралуу сурашты. Макам өзгөртүлгөн жок. Кайсы убакыт болбосун суракка кайра чакырып калышыбыз мүмкүн дешти. Так убактысы айтылган жок. Сурак 2 жарым саатка созулду. Эртең менен саат 10:30да сурак башталса, 12:30 чамасында чыктык, — деди Жолдубаева.

Количество просмотров: 72