• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Жолдубаева: Момбековдун кете турган оюу болсо, шоу кылбай эле кетсе болмок

31 Бугу 201911:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.05.2019.Govori.TV.

КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Р. Момбеков буга чейин саясий кеңешменин курамына Фарид Ниязов кошула турган болсо анда мен чыгам деп айтканы бар.

Андан көп өтпөй эле ЖКнын депутаты “Мен аны менен жанаша отуруп иштей албайм. Бирөөбүз кетишибиз керек. Бирок, партиядан кетпейм, анткени “партия” деген сөздүн бир тамгасы Ф.Ниязовго караганда мааниси чоң”,-деген оюн айткан.

КСДП партиясынын саясий кеңешинде болуп жаткан окуялар боюнча партиянын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаевага байланышканыбызда:

“Рыскелди Чыныбековичтин билдүрүүсүн социалдык тармактардан окуп биз дагы таң калдык. Ф.Ниязовду саясий кеңешке киргизүү чечимин кабыл алуу учурунда Р.Момбеков өзү катышкан эмес. Мурда кийин дагы бизге бул пикирин айткан эмес. Ал эми бул билдирүүсүн биз партиядан чыгып кете албай жаткан шылтоосу катары сыпаттайт элек. Эгерде кете турган оюу болсо, шоу кылбай эле кетсе болмок”,-деп жооп берди К.Жолдубаева.


Количество просмотров: 15