• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Жолдубаева сурактан чыкты. Кодуранова шектүүгө айланды

9 Тогуздун айы 201919:25 Бишкек Govori.TV

КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева сурак берип чыкты. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев бидирди.

«Кундуз Жолдубаеваны бүгүн камакка алышкан жок. Азырынча ал күбө катары өтүп жатат. Эртең саат 14:00 кайрадан суракка чакыртылды. Жолдубаева шектүү катары кармалып калуусу мүмкүн. Белгилүү болгондой ЖК депутаты Асель Кодурановага шектүү катары каралып анын баш коргоо чарасы тандала тургандыгы маалымдалат»,-деп жазган жактоочу.

Белгилей кетсек, буга чейин мурунку президенттин тарапташы Алга Кылычев Атамбаевге жана бир катар КСДП мүчөлөрүнө каршы көргөзмө бергени айтылган.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=552268895526156&set=a.114392849313765&type=3&theater
Количество просмотров: 79