• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жолдубай Кайыпов жөнүндө тартылган документалдуу тасмага туура эмес фактылар кошулуп калган

20 Жетинин айы 2018 16:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.11.2018.Govori.TV
20-кылымдагы Кыргызстандын белгилүү дикторлорунун бири, ырчы, убагында жарк этип чыгып, бирок 1984-жылы 37 жашында киши колдуу болуп каза тапкан Жолдубай Кайыпов тууралуу Орусиянын НТВ каналы документалдуу тасма тарткан.
Тасма тартылып жатканда маркум Жолдубай Кайыповдун агасы Алыбай Кайыпов тартуучу топко маек берген.
Алыбай мырзанын айтымында документалдуу тасмага туура эмес фактылар кошулуп кеткен. Мисалы, Жолдубай Кайыпов такси айдап жүрүп бирөөгө карыз болуп калгандан улам өлтүрүп кетишкен деп сыпатталган. Бирок, чындыгында “Жолдубай Кайыпов ошол кезде жаңы гана унаа сатып алып, машинаны эми гана үйрөнүп жаткан, ал кезде карызы да жок болчу”,- дейт агасы кейип.
Жолдубай Кайыпов убагында обон жаратып, ырдап, Кыргыз телерадиосунун архивинде анын ырлары алтын тамагалар менен сакталып калган. Кайыповдун “Атам менен энеме” деген ыры азыркыга чейин ырдалып келе жатат.

 

Булак: Заман
Количество просмотров: 69