Бишкек.19.07.2019.Govori.TV.
Социалдык тармактарда Нарын шаарындагы чоң көчөлөрдүн биринде Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган такта илинип, бирок сүрөттөгү адамды айрымдар Турдакун Усубалиев эмес эле башка бирөө экенин айтып чыгышкан эле.
Ал эми бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов комментарий берди.
“ Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Аталган баннерди 2 күн мурда алмаштырышкан. Бул жерде басмаканадан ката кеткен. Анткени ал жерге буйрутма берилгенде алар интернеттен карап башка адамдын сүрөтүн түшүрүп коюшуптур”,-деди А.Кайыпов.