Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев мурунку президентке карата эч ким көрсөтмө бербегенини айтты.
«Шамил Атахановдун көрсөтмөсү купуя деп саналган кылмыш ишинин томуна киргизилген. Биз аны менен таанышкан учурда да анын Атамбаевге каршы кандайдыр көрсөтмө бербегенин көрдүк. Аида Салянова да «Атамбаев кандайдыр бир кылмыш кылды» деген көрсөтмө берген эмес», — деди ал.