Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча алдын ала угуулар уланууда.
Соттук отурумга мурдагы Башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКтын төрагасынын мурунку орун басары Качкыналиев алынып келинди. Ал эми мурунку президент Алмазбек Атамбаев соттук отурумга алынып келинген жок.
Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев мурунку президент сот анын катышуусу жок өтсүн деген өтүнүч менен кайрылганын айтты.
» Алмазбек Атамбаев менсиз эле соттук алдын ала уктурууну өткөргүлө деген кат жазган. Азыр судья алдын ала уктурууну баштады. Уктуруу башталары менен Жазык кодексинде тартип бузулуп, жактоочулардан иштин материалдарын эч кимге айтпоо тууралуу тил кат жазып берүү каралган экен. Бирок биз баш тарттык. Себеби мындай мыйзамда өтүнүч менен кайрылды. Сот күч менен алып келүү чечимин чыгарган жок. Соттук отурум Атамбаевсиз өтүү чечим чыгаар менен сот ишти кароону улантат», — деди жактоочу.
Кошумчалай кетсек буга чейин Атамбаев күч менен алынып келсе ачкачылык жарыялайм деп айтканы бар.