• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ЖОЖго өтпөй калган абитуриенттер мындан ары колледждерге тапшыра алышат

16 Жетинин айы 2018 17:04 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.11.2018.Govori.TV
Жогорку окуу жайларга өтпөй калган абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөнүн талону менен колледждерге тапшыра алышат. Мындай демилге өкмөт тарабынан Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетине сунушталды.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков маалымдагандай, колледждер салттуу түрдө студенттерди 9-класстан кийин ички сынактар аркылуу кабыл алышат. 11-класстын аттестатын алган бүтүрүүчүлөргө жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен колледждерге тапшыруу сунушталууда.

«Эгер абитуриент ЖОЖго өтпөй калса, ал топтогон упайлары менен колледждерге тапшыра алышат. Азыркы мыйзамда бул каралган эмес. Азыр мыйзам боюнча, абитуриент талонду ЖОЖдорго гана таштай алат, бирок атайын орто билим берүүчү мекемелерге таштай алышпайт», — деп түшүндүрдү ал.

ЖК комитети биринчи окууда «Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү» мыйзам долбоорун жактырды.

Булак: Билим Акипресс

Количество просмотров: 36