• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жумабеков: Текебаевдин качан жүрөгү жакшы болгондо биз операция кылабыз

22 Баш оона 2019 23:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.08.2019. Govori.TV

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев учурда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланууда. Анын учурдагы саламаттагы тууралуу аталган оорукананын директору Сабырбек Жумабеков маалымат берди.

“Өмүрбек Текебаев бизде жаткандан бери омурткасын дарылап жаттык, омурткасында мурун операция болгон. Омурткалары бошоп калгандыктан, бул киши көпкө тик туруп баса албайт. Аны операция жолу менен бекитүү керек, тилекке каршы, аны жасайлы десек жүрөгүндө көйгөй бар экен. Кан басымы да туруксуз болууда. Биз омурткасын жана жүрөгүн да дарылап жатабыз. Качан жүрөгү жакшы болгондо биз операция кылабыз. Азырынча дарылануусу бизде эле болот”, – деди Жумабеков.

Эске салсак, кечээ 21-августта Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун жаңы жагдайларга байланыштуу соттук ишин карап, Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөттү.

Количество просмотров: 3