• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жумабеков баштаган депутаттар ТүркПАнын жыйындарына катышуу үчүн Түркияга барды

20 Жетинин айы 2018 16:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.11.2018.Govori.TV.
Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) 8-отурумуна катышуу үчүн Түркия Республикасынын Измир шаарына барды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.
Бүгүн, 20-ноябрда Ассамблеянын 8-отуруму, ТүркПАнын 10 жылдыгына арналган конференция жана бир катар жогорку деӊгээлдеги эки тараптуу жолугушуулар өтөт. Ал эми 21-ноябрда ТүркПАнын 8-пленардык жыйыны болот.
Белгилей кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеӊештин депутаттары Салайдин Айдаров, Калдарбек Баймуратов, Абылкайыр Узакбаев, Садык Шер-Нияз жана Искендер Матраимов бар.
Количество просмотров: 22