• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жуманазарова Олимпиадага жолдомо ойнотулчу лицензиялык турнирге катышат 

18 Жалган куран 2024 12:13 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова Азиялык лицензиялык турнирге катышат.

Бул тууралуу кыргыз балбандары Нурзат Нуртаева менен Мээрим Жуманазарованын жекеме-жеке беттешүүсүнүн жыйынтыгында белгилүү болду. Мээрим Жуманазарова Нуртаеваны акыркы аракети үчүн 2:2 эсеби менен жеңип алды. Ошентип, Мээрим лицензиялык турнирге катышуу укугуна ээ болду.

Олимпиадага жолдомолор берилчи аталган мелдеш үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинен 21-апрелине чейин Бишкек шаарында өтөт.

Эскерте кетсек, Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатында жаракат алып, мелдештин аягына чейин катыша албай калган. Натыйжада 68 кг салмакта Олимпиадага лицензия ала албай калган.

Кийинки эл аралык мелдештерде 68 кг чейинки салмакта курама команданын дагы бир мүчөсү Нурзат Нуратаева катышып келген.

Количество просмотров: 331