Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында мал кайтарууга кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө ишинен натыйжа болбогондугуна байланыштуу активдүү фазадагы издөө токтотулду.
ӨКМдин маалыматына ылайык, бүгүн, 13-ноябрда ӨКМ өкүлдөрү дайынсыз жарандардын ата-энеси менен жолугушуп, издөөнүн активдүү фазасы аяктаганын, бир жумада эки жолу издөө жүргүзүлүп турарын билдиришти.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Жумгалда 1979-жылы туулган К.Б. жана анын уулу 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундар мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрь күнү ӨКМге келип түшкөн. Ошол күндөн бери издөө иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келди.