Бишкек.22.08.2019.Govori.TV.
Жумгал районунун Кызарт айылында эки КамАЗ кагылышып, бир адам каза болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргенине ылайык, жол кырсыгынан 52 жаштагы Ж.Ж. аттуу адам каза болгон.
Окуя болгон жерге келген куткаруучулар жабыркаган адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, андан кийин ал тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.