• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Жунхай» базарынын соодагерлери нааразылык акцияга чыгышты

4 Аяк оона 202312:10 Бишкек Govori.TV

Бишкектин четиндеги “Жунхай” базарынын соодагерлери кампаларын ачуу талабын коюп, иш ташташканын билдирди. 4-сентябрда нааразылык акцияга чыккан соодагерлердин бири Аиза Рысбекованын «Азаттыкка» билдирген маалыматы боюнча, Мамлекеттик салык кызматынын адистери бир апта мурун товар сактаган ондогон кампаларга мөөр басып кеткен.

“Кампада турган товардын жалпы наркынан 10% салык катары төлөгүлө деп атат. Бирок бул биз үчүн көп чыгым. 30 жылдан бери бизге товарлар кара базардан келет. Анын үстүнө биздин товарларды жакынкы Казакстан жана Орусия гана алат. Ишибиз мурдагыдай жүрүп жаткан жери жок. 10% төлөй албайбыз, кампаларыбызды ачып берсин”, — деди Аиза Рысбекова.

Айрым ишкерлер кампалары эки айдан бери ачылбай турганын, 1 миллион сомдон ашык салык төлөп ачтырышканын айтышты. Чогулгандар Салык кызматынын адистеринин келишин талап кылышууда.

“Дордой”, “Жунхай” базарларынын соодагерлери буга чейин да нааразылык акцияга чыгышкан. Алар патент системасын калтырууну, салыктын наркын көтөрүүнү токтотууну талап кылышкан

Количество просмотров: 598