• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жунусалиев: Талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөн жок

2 Бештин айы 2021 15:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2—декабрда БШК менен бир мандаттуу округдан шайлоого катышкан талапкерлердин жолугушуусу өтүп жатат.

Жыйында абактагы саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Равшан Жээнбековдун өкүлү Жаныбек Жунусалиев талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөй, Жээнбековдун укугу бузулганын айтты.

«Жээнбековдун укугу чектелди. Маалымат каражаттарга чыгып, шайлоочулар менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү берилген жок. Бишкектеги Ленин округунан чыккан 9 талапкер ага шарт түзүп берүү талабы менен арыз жазган, каралган жок. Биз Боршайкомдон Бишкектин Биринчи май райондук сотуна Жээнбековдун бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн берүүнү жана теледебаттарга конвой кызматы менен катышууга мүмкүнчүлүк түзүүнү суранганбыз. Бирок өтүнүчүбүз канааттандырылган жок», — деди ал.

Ал эми Шайназаров БШК өз чечимин кабыл алганын, мындан аркы иш соттун колунда экенин айтты.

«Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Равшан Жээнбековду мыйзам чегинде талапкер катары каттады. Менин жеке пикиримде, ал шайлоодогу үгүт иштерине катышуусу керек эле. Бүгүнкү күндө Жээнбеков соттун чечими менен абакта отурат. Биз кийлигише албайбыз», — деди Шайназаров.

Кошумчалай кетсек, 51 жаштагы мурдагы депутат Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбевди Кой-Таш айылында кармоо операциясындагы окуяларга айыпталып, камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган.

Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра камоо чечимин чыгарган. Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты куугунтук деп сыпаттаган. Ал алдыдагы парламенттик шайлоого Бишкектеги №16 Ленин округунан талапкер болуп катталган.

Количество просмотров: 207