• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жунушалиев: Мэрликке талапкерлигимди Марипов көрсөттү

26 Баш оона 2021 12:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэрлигине менин талапкерлигимди Министрлер кабинетинин төрагасы сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта калаа мэри болуп шайланган Айбек Жунушалиев билдирди.

«Мэрдин талапкерлигин сунуштоодо мыйзам өзгөргөн жок. Мисалы, көпчүлүк коалиция же фракция сунуштайт. Менин талапкерлигимди Министрлер кабинетинин төрагасы сунуштады. Ошол эле учурда шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы дагы талапкерлигимди көрсөттү»,-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 26- августта Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында борбор калаанын жаңы мэри болуп Айбек Жунушалиев шайланды. калаа башчылыкка сунушталган жалгыз талапкерди жыйынга катышып жаткан 45 депутаттын 43ү колдоду. Экөө каршы добуш берди.

Количество просмотров: 275