• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жунушалиев сатып алган баракчадан катталуучулар чыгып кетүүдө

19 Баш оона 2019 11:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.08.2019.Govori.TV.

Инстаграм социалдык тармагында ИИМ министри Кашкар Жунушалиевди колдогон баракча пайда болду. Алгачкы билдирүүсү 3 күн мурун гана жарыяланганына карабастан ал баракчага катталгандардын саны 76миңден ашуун. Бирок, жазылган комментарийлердин арасында айрымдар бул баракчага кантип катталып калганын түшүнбөй жаткандыктарын жазышкан.

Ал эми айрымдары бул баракча мурун кийим саткан дүкөндүн баракчасы болгонун жазышууда. Ошондой эле кээ бир катталуучулар Жунушалиевди сындаса, айрымдары кызматтан кеткен мурдагы ИИМ орун басары Курсан Асановду колдогон.

Эске салсак, Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо процессинен кийин 13-августта Курсан Асанов «кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти» деген негиз менен ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулган. Ошондой эле ИИМ ага кызмат ордун таштап, пиар менен алектенүү үчүн Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирип кеткен деп кине койгон. Бул окуядан соң коомчулук ИИМдеги ички пикир келишпестиктерди талкууга алып, Кашкар Жунушалиев сынга калган эле.

Количество просмотров: 4