• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Журналист Айнура Каниметова каза болду

27 Баш оона 2020 10:12 Бишкек Govori.TV

«Кут Билим» гезитинин бөлүм редактору, билим берүүнүн отличниги Айнура Каниметова каза болду. Бул тууралуу аталган гезиттин сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Айнура Каниметова 25-августта 50 жашка караган курагында оор кеселден көз жумду.

Айнура Тобокеловна Каниметова 1970-жылы туулган. Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынын ортосунда Бишкек гуманитардык университетинин орус филологиясы факультетин аяктагандан кийин, «Кут Билимде» корректор болуп иштей баштаган. Андан кийин кабарчы, бөлүм редактору  болуп талыкпай иштеп, дээрлик чейрек кылым журналистикада ак кызматын өтөгөн.

“Кут Билимден” тышкары Улуттук “Кабар” агенттигинде кабарчы,  Билим берүү жана маданият министрлигинин басма сөз катчысы болуп иштеген.

Govori. TVнын эмгек жамааты Каниметованын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Количество просмотров: 2602