Журналист Али Токтакунов Ички иштер министрлигине октябрь окуялары боюнча сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
«ИИМге сурак берип чыктым. Октябрь окуялары боюнча, күбө катары. Калыстык болушу үчүн ошол күндөрү аянтта жүргөн баары: Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов жб. суралышы керектигин айттым. Ошол учурга так юридикалык баа берилиши керек. Түрмөдөн адамдар мыйзамдуу бошотулганбы? Төңкөрүшпү же революциябы? Үмүтбектин өлүмүнө, ондогон адамдардын жарадар болушуна ким жоопкер? Баары суракка алынып, тийиштүүлөр жазасын алышы керек»,-деп жазды ал.
Буга чейин октябрь окуялары боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков менен «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова дагы суракка чакырылган.