• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Журналист Али Токтакунов УКМКга жооп берди

3 Кулжа 2020 9:30 Бишкек Govori.TV

Кытайдын жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссияга УКМКнын тергөөчүлөрү журналистке каршы көрсөтмө берген эки күбөнүн видео көрсөтмөсүн көрcөттү. Эки күбөнүн бири, Кыргызстандын мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков. Ал Айеркен Саймаити «Азаттыктын» кабарчысы Али Токтакуновго Стамбул 50 миң доллар бергенин Саймаитиден укканын айткан. «Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов мындай айыптоону толук четке кагып, «карандай калп жана каралоо» деп баалады.

Количество просмотров: 146