Фейсбук социалдык тармактын колдонуучусу Азиза Бердибаева “Коррупцияга жана Райымбек Матраимовго” каршылыгын билдирип жылаңач чечинген сүрөтүн баракчасына жайгаштырды.
Мен биздин чиновниктердей эмесмин. Мен айткан сөзүмө турам, мындан улам өзүмдүн жарандык оюмду бул сүрөт аркылуу билдирейин дедим. Кырк чоролуктар мага десе жарылып кетишсин. Эгерде өлкөдө көйгөйдү жылаңач дене менен гана бурууга мүмкүн болсо, макул мен өзүмдүн жылаңач денем менен көйгөйгө көңүлүңөрдү бурамын. Мейли менин дене боюм көргөзмөдөгү кыздардыкындай эффективдүү болбосо дагы, мага бары бир, — деп жазган Бердибаева өз билдирүүсүндө.
Азиза Бердибаева жылаңачтанып жасаган кадамы менен, көпчүлүктүн көңүлүн Матраимовдун ишине бурдурууну көздөгөнүн айтат.