• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Журналист Бейшеналиевдин үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазды. Министр эмне дейт?

11 Бирдин айы 2022 13:26 Бишкек Govori.TV

Журналист Акылай Маратова Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айткан сөзү үчүн Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Башкы прокурор Курманкул Зулушев өткөргөн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айткан сөзү үчүн эч бир жарандан арыз келип түшпөгөнүн, эгерде маалымат келип түшсө, Башкы прокуратура текшерүүгө аларын билдирди. Башкы көзөмөл органынын бул сөзүн улай бүгүн Башкы прокуратуранын сайты аркылуу министрдин айткан сөзүнө укуктук баа берилүүсүн талап кылып, онлайн арыз жаздым. Министр кечирим сурады, бирок анын айткан сөзүнө мыйзамдын негизинде укуктук баа берилиши керек. Анткени ал жөнөкөй жаран эмес, Министрлер кабинетинин өкүлү. Курманкул Зулушев онлайн жазылган жарандардын арыздарына прокуратура бир күндөн кийин байланышып тактайт деп ишендирди», — деп жазды ал.

Ал арада Алымкадыр Бейшеналиев «мындай жол менен журналист өзүн жарнамалоого аракет кылып жатат» деген пикирин Vesti.kg сайтына билдирген.

Эске салсак, буга чейин министр Бейшеналиев Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы кылып кайра түзүү планы боюнча журналисттерге маалымат жыйын курган. Ошол жерден оорукананы оңдоп берем деп убадалаган ишкер тууралуу кеп кылып жатып «ал дагы аферист, ал дагы таластык» деп айтып алган. Кийин интернетке «таластыктарды колдобойм» деп айткан видеосу дагы тараган. Мындан улам Таластын эли министрге нааразы болуп, президентке видео кайрылуу жолдогон. Ошондой эле WhatsApp тиркемеси аркылуу Таластын аянтына чогулуп, Бейшеналиевге каршы митинг өткөрүү боюнча үндөөлөр күчөгөн.

Кийинчерээк иинистр Бейшеналиев Талас элинен кечирим сураган.

Количество просмотров: 3176