Белгилүү журналист Бейшенбек Бекешов бүгүн, 29-декабрда өзү туулуп өскөн Түп районундагы Балбай айылында жерге берилди.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына мамлекетик жана маданий ишмерлер, журналисттер, жакын санаалаш достору жана жакындары катышты.
Эске салсак, 61 жаштагы Бейшенбек Бекешов 27-декабрда, саат 12:30 чамасында жүрөгү кармап каза болгон. Бейшенбек Бекешов кыргыз журналистикасында аты таанымал, КТРК, ЭлТР телеканалдарында жетекчилик кызматтарда иштеген. 1990-жылдары ал КТРдеги “Коломто” автордук программасы аркылуу көпчүлүккө таанылган.