• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Журналист Элнура Алканова өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча коомчулукка кайрылды

19 Бирдин айы 2018 17:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.01.2018. Govori.TV

Бүгүн, 19-февралда «24.kg» маалымат агенттигинде  өткөн жыйында журналист Элнура Алканова коомчулукка кайрылып, ага карата козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугун чогуу көзөмөлгө алууга чакырды.
Алканованын  айтымында, ага мыйзамсыз иштерди ашкерелөө аракетинен улам кылмыш иши козголуп, куугунтук жүрүп жатат.

Журналистке Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы «Коммерциялык, же банктын жашыруун сырды мыйзамсыз алгандыгы» жана «Коммерциялык, банктын жана салыкчы төлөөчүнүн өздүк маалыматын элге жарыялагандыгы» беренелери менен айып тагылган.
Эскерте кетсек, журналист Элнура Алканова мурдакы президент Максим Бакиевдин улутташтырылган коттеждери боюнча иликтөө жүргүзгөн.

 

 

 

Количество просмотров: 11