• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Журналист Элнура Алкановага каршы кылмыш иши козголду

13 Бирдин айы 2018 13:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.02.2018.Govori.TV.
Журналист Элнура Алкановага каршы кылмыш иши козголуп, айыбы угузулду.  Журналист Кылмыш-жаза кодексинин 193-беренеси — «Коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу» жана 194-берене — «Коммерциялык же банктык жашыруун сырды таратуу» боюнча күнөөлөнүүдө. Кылмыш ишин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы козгогон.
Мурдараак аталган мекеменин чечими менен Алканованын өлкөдөн чыгышына тыюу салынган эле. Анын алдында журналист Элнура Алканова БТА банкындагы жашыруун маалыматтын ачыкка чыгышы боюнча кылмыш ишинде күбө катары суракка чакырылган.
Эскерте кетсек, былтыр Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Бул иш боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мүлктү сатууда мыйзамсыз иштер бар экенин, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазган. Андан соң премьер-министр чуулгандуу «Идеал хаус» шаарчасына байланышкан видеороликти жана андагы маалыматтарды териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган. Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү журналист жазган маалыматты «чындыкка төп келбейт» деп, жокко чыгарууну сураган.
Количество просмотров: 46