Журналист Канышай Мамыркулова 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, Мамыркулованын соцтармактагы постторуна экспертиза жүргүзүлгөн.
Жактоочу журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнө («Массалык баш аламандыктар», «Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») менен айып тагылганы кошумчалады.
Мамыркулованы бүгүн, 20-мартта үйүнөн кармап кетишкен, жана Бишкек ШИИБге жеткирилген.
Белгилей кетсек, ИИМ расмий маалымат бере элек.
Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Ал коомдо болуп жаткан саясий процесстер, адам укуктары жана мамлекеттик башкаруудагы кемчиликтер тууралуу өз оюн ачык айтып, билдирүүлөрүн соцтармакка жарыялап жүрөт.