Бүгүн, 21-майда Бишкектин Октябрь райондук соту эркин журналист Канышай Мамыркулованы камакта калтырды. Бул тууралуу укук коргоочу Гулшайыр Абдирасулова билдирди.
14-майда Октябрь райондук сотунда Канышай Мамыркулованын иши боюнча соттук отурум өтмөк. Бирок, айыптоочу сотко келбей калгандыктан отурум 21-майга жылган.
Эске салсак, 30-апрелде Бишкектин Октябрь райондук соту эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы камакта калтырды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы журналистке козголгон кылмыш ишин тергеп бүтүп, райондук сотко өткөрүп берген.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Канышай Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен. Свердлов райондук соту аны 19-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алып, 9-апрелде Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.
Шаардык милиция ага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен айып койгон.