Ушу тапта тергөө жайында отурган акын Аскат Жетигендин апелляциялык арызы Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 29-августта каралды.
Шаардык сот жактоочунун эксперттерди чакыруу өтүнүчүн канааттандырып, соттук отурум 19- сентябрга жылдырылды.
Эске салсак, 1-июлда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Аскат Жетигенди массалык башаламандыктар беренеси боюнча актап, бийликти күч менен басып алуу беренеси менен 3 жылга кескен.
Аскат Жетиген “Зарыкканда” жана башка бир канча ырлары менен эл арасында белгилүү.