• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Журналист Мамыркулова дагы бир берене боюнча айыпталууда

21 Жалган куран 202516:35 Бишкек Govori.TV

Канышай Мамыркулова «улут аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча да айыпталууда. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, Мамыркуловага эки берене, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесине ылайык («Массалык баш аламандыктар») жана 330-берене («Улут аралык кастыкты козутуу») боюнча айып коюлууда.

Канышай Мамыркулованы үйүнөн милиция кармап кеткени 20-мартта белгилүү болгон. Андан соң ал 48 саатка камакка алынган.

Количество просмотров: 581