• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Журналист Мамыркулова эмне үчүн суракка чакырылганын айтты

13 Жетинин айы 2023 15:16 Бишкек Govori.TV

Журналист Канышай Мамыркулова УКМКга сурак берүү үчүн кирип кетти.

Мамыркулованын айтымында, УКМК аны буга чейин кармалган «Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү Замирбек Шамшидин уулунун иши боюнча күбө катары суракка чакырган.

«13-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын жетекчиси, саясатчы Адахан Мадумаровдун соттук отуруму болгон күнү митинг болгон. Менимче ошол күн боюнча чакырып жатат. Андан 2 саат мурдараак Олжобай Шакирдин соту болгон. Эми кыргызда, эки үйдө катар бир нерсе болсо бир кыргыздыкына кирген киши, экинчисиникине да кирип кетет. Олжобай Шакирдин сотунан чыккан соң, «Бүтүн Кыргызстандын» мүчөлөрү менен учурашып, анан үйүмө кеткем», — деди ал.

Эске салсак, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу 21-сентбрда кармалган.

Количество просмотров: 279