Жазуучу, журналист Мурзапар Үсөн 75 жаш курагында дүйнө салды. Ал Баткен районунун Кара-Булак айылында «Муз булак» коругун негиздеген. Драматург, тарыхчы, скульптор, сүрөтчү катары белгилүү.
Мындан тышкары жазуучу Кара-Үңкүр эс алуу бакчасын курган. Ал каралбай, чөпкө, камыш-ташка толгон жерди өз карамагына бөлдүрүп алып гүлдөтүп, жарандар үчүн эс алуучу жайга айланткан.