«Журналисттер» коомдук бирикмеси тележурналист Назгүл Кожокулова 16-февралда оорудан улам көз жумганын кабарлады.
Маалыматка караганда, мурда бир канча телеканалдарда иштеген Кожокулова соңку жылдары ооруп төшөктө жатып калган. Артында эки баласы калды.
Анын үй-бүлөсүнө жардам иретинде журналисттер ЭЛСОМ аркылуу акча чогултууну чечишти. Номуру — 0550 522 116.