• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Журналист Нурзат Ниязова каза болду

11 Баш оона 2020 14:44 Бишкек Govori.TV

Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) журналистти Нурзат Ниязова каза болду. Бул тууралуу телеканалдын расмий сайтына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, 39 жаштагы Ниязова узакка созулган оорудан улам каза болгон.

«Биз чогуу иштеген кесиптешибизди гана эмес, өз ишин мыкты билген профессионал, чыныгы инсандык сапаттарга ээ болгон мыкты адамды жоготтук. Нурзат Ниязованын жаркын элеси, мыкты адамдык сапаттары жана кылган эмгеги жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат! Дүйнөдөн мезгилсиз кайткан  Нурзат Ниязованын үй-бүлөсүнө жана жакындарына КТРК жетекчилиги жана эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат”, – деп айтылат маалыматта. 

Нурзат Ниязова 1981-жылы 12-ноябрда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. 1999-жылы И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин англис тили филологиясы бөлүмүн аяктаган.

2006-жылы Корпорациянын курамындагы республикалык радиотеле борборго ишке алынып, КТРКнын расмий сайтынын калыптаныш мезгилинен тартып эмгектенген.

2015-жылдан тартып, Нурзат Ниязова  КТРКнын расмий сайтын колдоо бөлүмүндө жетекчилик кызматында иштеп келген. Расмий сайттын калыптанышына жана өнүгүшүнө чоң салымын кошуп, сайттын медиа тармагына чыгышына көп эмгек жумшаган. Артында эки баласы калды.

Govori.TVнын эмгек жамааты Ниязованын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Количество просмотров: 386