• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Журналист Олжобай Шакирдин УКМКда сурак берип жатканы айтылды

23 Баш оона 202321:25 Бишкек Govori.TV

Журналист Олжобай Шакирди суракка алуу үчүн УКМКга алып кетишти. Бул тууралуу «Кылым шамы» укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

Журналистти суракка чакыруунун чоо-жайы айтылган жок.

Олжобай Шакир жети сааттан бери дайынсыз болуп жатканын жубайы Назгүл Бодбаева билдирген. Анын айтымында, Олжобай Шакир 23-августта түшкө маал үйүндө жалгыз болгонун, ошондон бери дайыны билинбей жаткан.

Олжобай Шакирдин кармалганы тууралуу атайын кызмат комментарий бере элек.

Количество просмотров: 102