• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Иликтөөчү журналист Сайпидин Султаналиев жол кырсыкта жабыркады

18 Тогуздун айы 2023 14:09 Бишкек Govori.TV

Журналист-иликтөөчү, “Арча Медиа” басылмасынын (Next телеканалы) кызматкери, “Соболум бар!!!” долбоорунун автору Сайпидин Султаналиев кырсыктан жаракат алды. Учурда ал көптөгөн жаракаттар менен ооруканада жатат. Бул тууралуу анын кесиптештери билдирди.

Маалым болгондой, окуя 17-октябрда саат 17:30дар чамасында Бишкектин Садырбаев (мурдагы Баха) көчөсүндө болгон. Сайпидин Султаналиев өзү мотоскутер менен жол кыймылынын бардык эрежелерин сактап бара жаткан. Бир маалда аны капталынан озуп бара жаткан унаа уруп жиберген. Натыйжада скутер оодарылып, ал кулап түшкөн. Кырсыктын күнөөкөрү окуя болгон жерден качып кеткен. Окуянын күбөлөрү журналистке жардам көрсөтүп, тез жардам жана милиция кызматкерлерин чакырышкан.

Султаналиев ооруканага жаткырылган. Ага далысынын хирургиялык моюн бөлүгүнүн сынганы жана денесинде оор гематомалар бар деген диагноз коюлган. Экспертизалардын жыйынтыгы ишке киргизүү үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 458