• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Журналист Сайпидин Султаналиев 2 айга камалды

17 Үчтүн айы 202421:55 Бишкек Govori.TV

“Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” иштеген Сайпидин Султаналиев 2 айга камалды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Соттун чечимине ылайык, журналист 13-мартка чейин камакка алынды.

16-январда «Айт Айт Десе» жана «Temirov LIVE» каналдарынын журналисттери шектүү катары камакка алынышкан. ИИМ билдиргендей, алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык тартипсиздиктер) 3-бөлүмү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу) менен козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалышты.

Количество просмотров: 364