• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Журналист Сайпидин Султаналиев абактан кат жазды

23 Үчтүн айы 2024 17:56 Бишкек Govori.TV

Камактагы журналист Сайпидин Султаналиев абактан кат жазды. Анын билдирүүсү социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Султаналиев тагылып жаткан айыптар менен макул эместигин белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолгон.

«Урматтуу кыргыз элим! Эркин журналисттер эл душманы эмес! Эркин журналисттер карапайым калктын көйгөйүн көтөрүп, мыйзамсыздыкка ачык күрөшкөн чыныгы мекенчил атуулдар! Андыктан андай атуулдар менен тыгыз кызматташып, өлкөнүн өнүгүшү үчүн бирге аракет жасоо зарыл болчу. Эркин журналисттерди элдешкис душман көрсөтүү бийликке аброй алып келбейт!»,-деп жазылат катта.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынды.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде айрым техникалык каражаттарын алып кеткен жана үч кызматкерин суракка алып, кое берген.

Количество просмотров: 1799